Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, ЖМКлар - эркин ал эми парламент күчтүү болушу керек
Президент элди партиялардын куру убадаларына ишенбөөгө чакырды
Парламенттин күчү менен анын курамынын сапаты партиялардын тизмесине байланыштуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште берген анттары кабыл алынгандан кийин билдирдиз.
-Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, ЖМКлар - эркин ал эми парламент күчтүү болушу керек, - деп баса белгиледи Жээнбеков. - Шайлоо өтөт, ал эми биздин өлкөнү өнүктүрүү маселеси дайыма орчундуу бойдон калат. Биз элдин жашоосун оңдоп, жарандардын ден-соолугун бекемдеп, жаштарыбыздын билим сапатын жакшыртуу үчүн кара жанын карч уруп иштечү чыныгы эл өкүлдөрүнө муктаж болобуз.
Жээнбеков эл куру убадаларга ишенбей, туура чечим кабыл алып, парламентке бүтүндөй калктын кызыкчылыктары үчүн күйгөн чыныгы профессионалдар келерине ишенерин баса белгиледи.
Гулиза Чудубаева
Фото www