Депутаттар Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жетинчи сессиясын расмий түрдө жабышты
Төрага парламент 136 мыйзам жана 614 токтом кабыл алганын белгиледи
Депутаттар Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жетинчи сессиясын расмий түрдө жабышты. Спикер Дастанбек Жумабеков парламент карантин маалында үзгүлтүксүз иштегенин белгиледи.
- Бүгүн биз Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 7- сессиясын жыйынтыктап жатабыз, - деди төрага. - Бул убакыт ичинде 136 мыйзам жана 614 токтом кабыл алдык. Парламент өзгөчө абал режиминде иштегенин баса белгилегим келет. Президент, Жогорку Кенеш, өкмөт жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары ушул күнгө чейин иштерин улантууда. Парламент жарандардын ден-соолугунун коопсуздугун камсыздоо боюнча бир катар мыйзамдарды кабыл алды. Депутаттардын жана өзүмдүн атымдан түшүнүү менен караган кыргызстандыктарга, жарандык активисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем. Чын дилимден дарыгерлерге, бардык тийиштүү органдардын кызматкерлерине рахматымды айтам.
Медина Купсулдаева
Фото www