Депутат Икрамов: Биз чындыкты мойнубузга алышыбыз керек. Кыргызстан өз алдынча коронавируска туруштук бере алары күмөн
Парламент мүчөсүнүн пикиринде ата мекендик медицинанын COVID-19 токтотууга күчү жетпейт
Европа мамлекеттери токтото албаган коронавируска Кыргызстанд туруштук бере алары күмөн санатат. Мындай пикирин ЖК депутаты Тазабек Икрамов Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында бөлүшкөн.
«Азыркы абалды баарыбыз көрүп жатабыз. Өлкөбүз оңой эмес кырдаалга кептелди. Биз чындыкты моюунга алышыбыз керек. Бүтүндөй Европа, алтургай Америка ээ боло албаган илдетке биздин мамлекеттин туруштук бериши күмөн эле. Эми "Дарт берген кудай дабаасын кошо берсин" деп, жалпы элибиз жоопкерчиликти сезчү мезгил келди. Учурунда карантин болду, Өзгөчө кырдаал абалы кирди. Ал натыйжалуу болдубу же жокпу аны териштирип турчу мезгил эмес. Убактысы келет, ар бир сурообуз жоопсуз калбайт. Эми маселенин өзөгү боюнча. Чынын айталы бүгүн биздин медицина кызматкерлери өтө оор кырдаалды башынан кечирип жатат. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны көбөйдү», - деп белгилеген парламент мүчөсү.
Эл өкүлү ар бир кыргызстандык бул ооруну алдын алууга өз салымын кошууга милдеттүү экенин баса белгилеген.
«Тилекке каршы, мен да бул илдетке кабылдым. Үй шартында өзүмдү өзүм жалгыз кармап, үй бүлөм, жакындарым менен катнашты кан буугандай токтоттум. Санитардык абалды так сактадым. Позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шугур, оор күндөр артта калды. Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим. Азыр биз баарыбыз жумушубуз жок болсо көчөгө басканды токтотуп, эгер зарыл ишибиз болсо медициналык маска тагынып, колубузду антисептик менен улам улам тазалап, адамдар менен жакындан баарлашуудан качышыбыз керек. Кайталайм, бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт. Бир гана жол ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Ар бир көчөдөгү жаран бүгүнкү күнү вирусту алып жүрүүчү болуп, бир канча кишини илдетке чалдыктырып жатат. Бул өтө коркунучтуу. Биз дайым өзүбүздү эле эмес, башка мекендештерибиздин ден соолугун ойлогонго да милдеттүүбүз! Сактаналы, сак бололу! Аллах колдосун сиздерди!», - деп жазган Тазабек Икрамов.
Фото www