Алмазбек Атамбаевдин уулдары экс-президентке атайылап COVID-19ду жуктурушканын айтып чыгышты
Кадыр Атамбаевдин айтымында атасы учурда кайсы ооруканада экенин үй-бүлөсүнөн эч ким билбейт
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары аны УКМКнын СИЗОсунда атайылап COVID-19ду жуктурушту деп эсептешет. Бул тууралуу мурдагы өлкө башчысынын уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.
Өз билдирүүсүндө ал УКМКнын СИЗОсу вирустун очогуна айланганын, тергөө-камактагылардын ичинен кеминен 10 кишиден коронавирус аныкталганын жана анда иштеген кызматкерлердин, жетекчилеринин да илдетке чалдыгышканы тууралуу сөздөр айтылып жатканын жазган. Ал эми УКМКнын Алмазбек Атамбаев вирусту жактоочулары жана жакындары менен жолугушуу учурунда жуктуруп алганы жөнүндө айтылган божомолун экс-президенттин уулу дайны жок сөз деп, алар өтө сейрек кездешкенин жана коргоочу бет капчан айнек аркылуу гана сүйлөшүшкөнүн белгилеген.
Кадыр Атамбаев, ошондой эле учурда атасы кайда экенин алардын үй-бүлөсүнөн эч ким билбей турганын жана бир нече күндөн бери УКМКнын СИЗОсунун кызматкерлери ага Россия тарабынан 2018-жылы “Эң зыяндуу илимге жат долбоор” анти сыйлыгы берилген «Материа Медика Холдинг» компаниясынын күмөндүү «Эргоферон» дарысын берип келишкенин, муну менен 2019-жылдын 7-8 августунда ишке ашпай калган Алмазбек Атамбаевди өлтүрүү аракеттери эми ушундай жол менен уланып жатканын жазган.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, УКМКнын СИЗОсунан ооруканага которулганын билдирген.
Фото www