Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев кайсы ооруканага жаткырылганы айтылды

Жактоочу Сергей Слесарев экс-президент менен жолугуша албаганын белгиледи

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына жаткырылды (спецполиклиника). Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Юрист мурдагы өлкө башчысынын жанында тынымсыз УКМКнын кызматкерлери турушканын айтып берди. Слесарев ага Атамбаев менен жолугууга азырынча уруксат берилбегенин кошумчалады.

- Муну менен Алмазбек Шаршеновичтин укуктары дагы бир жолу бузулуп жатат, - деди адвокат. -Азыркы учурда менде анын ден-соолугу тууралуу маалымат жок. Аны менен жолугуугу уруксат бербей коюшту, бул анын укуктарын бузуу болуп саналат.

Мындан сырткары, Сергей Слесаревдин айтымында Атамбаев вирусту кайдан жуктуруп алышы мүмкүндүгү айтылган билдирүү негизсиз жана чындыкка дал келбейт.

- Биз өткөн жума күнү эле аны менен көрүшкөнбүз, анда ал өзүн абдан жакшы сезип, пневмонияга өтүп кетчү эч кандай белгилер жок болчу, - деди юрист.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония менен ооруканага котолрулган.
29-июнда ал өзүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылган. Коронавируска тапшырган анализи таза чыгып, бирок, эки тараптуу пневмония бар экени аныкталган.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх