Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова: Сөз эркиндигин чектөөгө каршы митингде жөнөкөй эл болгон жок. Саркеч кийинген шаардык жаштар катышты

«Үмүт 2020» кыймылынын лидери кечээ өткөн REакциянын кемчиликтери, Текебаевдин митингге келиши жөнүндө жана «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамынын аркасында ким турганын айтып берди

Сөз эркиндигин чектөөгө каршы кечээ Бишкекте өткөн REакция 3.0 митинги саясатташкан иш-чара экени белгилүү болду. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына курган маегинде «Үмүт 2020» кыймылынын лидери, ЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматова бөлүштү. Мындан сырткары, ал «Ата Мекен» партиясына учурдагы мамилесин белгилеп, Өмүрбек Текебаевдин митингге келгени боюнча да пикирин билдирди.

- Ширин, кечээ өткөн REакция 3.0 митинги боюнча эмне айта аласыз?

- REакция жана REакция 2.0 митингдери алгач элдик болчу. Бирөөндө дагы саясатчыларга, анын ичинде мага да сөз менен чыгууга мүмкүндүк берилген эмес. Мында REакциянын форматы саясатташып кетип, бузулуп калды. Тилек Токтогазиев «Ата Мекен» партиясына өткөнүн жакшы билебиз, демек REакциянын башка катышуучуларын да Текебаевдин партиясына тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Алдын ала айтылгандай эле, митингдин башкы максаты талаштуу «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышын токтотуу болчу. Бул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаеваны Reакция 3.0. митингинин “жылдызына” айлантышты. Бирок, муну тереңден карап, сөз эркиндигин ооздуктаган бул мыйзам долбоорунун чыныгы автору ким экенин түшүнүү керек эле. Алыстан издөөнүн кереги жок. Бийликке айтылган башкы сын Матраимовдордун маселеси боюнча аракетсиздикке байланыштуу экенин жакшы билебиз. Бирок, жүрүштө тилекке каршы бул мыйздамдын чыныгы авторлору тууралуу сөз да козголгон жок.

- Сиз митингдин кээ бир катышуучулары «Ата Мекен» партиясына өтүшү мүмкүн дедиңиз. Бул сиздин божомолдоруңузбу же булактардан түшкөн ишенимдүү маалыматпы?

- Бул менин божомолдорум. Түшүнгөнүмө караганда учурда бардык партияларда жаштарга суроо-талап жогору, анткени, алардын аркасы менен бийликте турган ошол эле саясатчылар менен бизнесмендерди жаап-жашырып койсо болот. Мен Эркиндик бульварынан баштап жүрүштүн катышуучуларынан алысыраак бастым. Көбүнчө катышуучусу катары эмес, байкоочу катары. Акцияда мага прогрессивдүү, өнүккөн жаштар көп экени байкалды, бирок, мурда бул митингдерге катышып жүргөн жөнөкөй элди көрө алган жокмун.

- Өмүрбек Текебаевдин акцияга келгенин айрым катышуучулар сынга алышты. Ал эмнеге барды деп ойлойсуз? Негизинен эле саясий карьераңызды ошол партиянын курамында баштаган «Ата Мекен» жөнүндө учурда эмне айта аласыз?

- «Ата Мекен» REакцияны колдонуп кетти деп айта албайм. Менимче экөө тең бири-бирин пайдаланды. Азыр альтернативдик, оппозициондук багытка суроо-талап бар. «Ата Мекендин» алтынчы чакырылышында мен муну байкаган жокмун. Тилекке каршы, «Ата Мекен» бешинчи, алтынчы чакырылышында өйдөдөн таңууланган бийликтин багытын карманып койду. Текебаев менен Атамбевдин ортосунда саясий конфликтти эске албаганда. Текебаев ак жеринен абакта отуруп чыкканына чын дилден кайгырам. Ал сыйлоого арзырлык жасаган эмгектери абдан көп. Бирок, «Ата Мекен» партиясы эл күткөн жыйынтыктарды парламентте көрсөтө алган жок.

Белгилей кетсем, «Ата Мекен» биринчи эле жолу жаштарды оюнуна кошуп жаткан жок. Качандыр бир кезде мен да жаш депутат болгом, кесиптештерим Жоомарт Сапарбаев менен Бакыт Калмаматов да мендей болчу. Биз үчөөбүз партияга ишенген элек, бирок, тилекке каршы, андан көңүлүбүз калып, негизги фракция тарабынан кандайдыр-бир колдоо деле көрбөй чыгып кеттик. «Ата Мекен» партиясынын андан прогрессивдүү күчтөр менен шериктештигин канчалык жемиштүү болот билбейм. Өмүрбек Чиркешович өзү бул анын электораты экенин түшүнүп жатат. Акция учурунда аны кагып-силкүүнүн кереги жок болчу го дейм. Өзүңүздөр билгендей, бардык партиялар шайлоого активдүү даярданышууда. Митингчилердин нааразычылыктарын түшүнөм. Бирок, Өмүрбек Чиркешович система менен күрөшкөн адам.

Бирок, «Ата Мекен» бир дагы жолу Матраимовдор боюнча үндөбөгүн айтуу керек. Депутат Жанар Акаев бул үй-бүлө тарабынан уюштурулган иш-чарага барганы айтылган. Алар жөнүндө эч качан сөз сүйлөбөй, бирок, Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбооруна каршы кечээки митингге барууну чечкендери таң калычтуу. Азыр эл башка. “Бандиттердин бардыгын түрмөгө отургузабыз” деп коюп, парламентке өтүү мүмкүн эмес. Талаптар башка болуп калды. Митингде Текебаевдин дарегине сындар айтылып кеткени да ушундан. Менин ага боорум ооруйт, жаш эмес да, абакта отуруп чыкты. Соттук иштери толук жабыла электигине байланыштуу, ал балким көптөгөн темалар боюнча ачык сүйлөй албайт.

- Текебаев REакция митингине катышып, шайлоо алдында саясий упай чогултууга аракет кылды деп ойлобойсузбу?

- Албетте, ал саясатчы да. Бул анын жумушу. Азыр эл саясатчылардын ураандары аракеттер менен коштолушун талап кылышат. «Ата Мекен» башынан бери эмне кылды? Бул ири фракция. Алар каражатка, маалыматка ээ. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы коомчулуктун бийликти байма-бай сындаганынан кийин иштелип чыкканына ишенем. Эмнеге «Ата Мекен» өз аракеттери менен муну парламентте көрсөтүшкөн жок?

- Ширин, сиз «Ата Мекен» жетишерлик деңгээлде оппозиялык партия эмес экенин жана тарапташтарынын ишенимин актабаганын белгиледиңиз. Бирок, бул партиянын лидери Текебаев тууралуу оң көз карашыңызды билдирип жатасыз…

- Мен партиянын саясий ишине сыным бар. Оппозиямын дедиңерби, демек оппозиция болушуңар керек. «Ата Мекен» өлкөнү сактай алган, Кыргызстан муктаж болуп турган оппозиция боло алган жок. Ал эми Текебаев боюнча, абактан араңдан зорго чыккан адамга асылуу адамгерчиликке жатпайт. Ошондуктан, мен жеке аны сындагым келбейт. Улам кийинки чакырылышта «Ата Мекендин» тизмеси саясий эмес, коммерциялык максаттарды көздөй турганын көрүп жатам.

Текебаевди камаганда, аны Никитенко, Акаев, Иманалиев жана Шыкмаматов гана коргоп чыгышты. Алар жана дагы бир нече кишиден башка Текебаевди ачык коргоп чыкан эч ким деле болгон жок. Текебаев сыйлоого арзыгыдай көп эмгек сиңирди, дагы бир жолу кайталайм. Албетте, каталары да болду. Ал мурдагы бийликтин курмандыгына айланды. Биз анын бул сыноолорунан кийин ага активдүү чабуул кылбашыбыз керек.

- REакцияга кайтсак. Сиз митингде “жөнөкөй элди” көргөн жокмун дедиңиз. Тактап кете аласызбы?

- Мен чындыгында эле жөнөкөй элди көргөн жокмун. Саркеч кийинген жаштарды көрдүм, бардыгы “инстаграмдуу” боду. Бирок, мен элдик митингдин энергияны сезе албадым. Бул агитациялык митингге окшошуп калды. Жөнөкөй элге башка ураандар жакын. Мисалы, 100 миңден ашык адамдар көрүп, сан жеткис комментарийлерди чогулткан «Чоң Казаттын» лидерлеринин билдирүүлөрү. Тилекке каршы REакция 3.0. митингинде жөнөкөй элдин мүдөөлөрү эске алынган жок

- Акциянын катышуучуларынын нааразычылыктары Сооронбай Жээнбековго жетип, ал Асылбаеванын мыйзамына вето койгонго эрки жетеби, кандай ойлойсуз?

- Бийликтин жүрөгүн түшүргүдөй деле митинг болгон жок го, менимче. Бийлик эчактан бери эле мындай акцияларга реакция кылбай калган. Аймактардагылар калып калды, сүрөттөрдү карасаңар, өңкөй шаардык жаштар.

- Бул жакшыбы же жаманбы?

- Бир тараптан, бул жакшы. Мен деле шаардыктарды ойготуп, өлкөдө эмне болуп жатканына көңүлдөрүн бурдурууга аракет кылгам. Бирок, ар бир саясий кыймыл элдик болууга тийиш. REакция саясатташып кетти. Мурдагы REакцияларда чоң апа-чоң аталар да, жөнөкөй жарандар да катышкан эле.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх