Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы, бардык маселелерди сүйлөштүк

Сергей Слесарев Президенттин иш башкармасынын клиникалык ооруканасында жаткан мурдагы президенттен кабар алып келди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абалы дурус көрүнөт, ал Президенттин иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына андан кабар алып келген жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

- Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен кезиктим, - деди юрист. - Талкуулай турган бардык маселелерди сүйлөштүк. Негизинен, абалы дурус көрүнөт. Дарыгери менен да сүйлөштүм. Эки тараптуу пневмония ырасталыптыр. Азыр тийиштүү дарылануусун алып жатат.

Эске салсак, кечээ, 29-июнда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ооруканага которулганы белгилүү болгон.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх