Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов: Эгерде биз мурда кабыл алган чараларабызды кармана бергенде, оору жайылып кетпейт эле

Премьер коронавирус-саясатчылардын ойлоп тапканы деген сөздөр боюнча үн катты

Премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде коронавирусту саясатчылар ойлоп тапкан деп дагы деле ойлогон жарандар туурасында кайрадан сөз козгоду.

- Коронавирс - ойлоп табылган саясат, ал аркылуу бизнесмендер абалдан пайдаланып пайда көрүүгө аракет кылышууда дегендер бар, - деди премьер. - 21-мартта биз өлкөнүн кээ бир шаар менен аймактарында Өзгөчө кырдаал, ал эми 25-мартта Өзгөчө абал режимин киргизгенбих. Бул чечим туура болгон деп эсептейм. Көптөгөн жарандар муну түшүнүү менен кабыл алып, көчөгө чыкпаганга аракет кылышты. 45 күндүн ичинде биз жарандарга вирустан кантип өзүңдү сактоо керектигин түшүндүрүүгө далалат кылдык. Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүп жаттык. Бирок, акыркы күндөрү канча тастыкталган учур катталды карагыла. Эгерде биз мурда кабыл алган чараларабызды кармана бергенде, оору жайылып кетпейт эле.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх