Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы: Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам президентке азырынча келе элек

Өлкө башчы Гүлшат Асылбаеванын талаштуу мыйзамына вето койду деген сөздөр ырасталган жок

ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору президент Сооронбай Жээнбековго келе элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өлкө башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бөлүштү.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу ар бир мыйзам долбоору парламентте өткөндөн кийиин 14 күндөн соң президентке жөнөтүлөрүн Vesti.kg сайтына билдирди. Бирок, учурда мыйзам долбоорун каттоо менен алектенген ЖК аппаратынын көптөгөн кызматкерлери карантинге алынгандыктан, документ президенттин аппаратына кечирээк жөнөтүлүшү мүмкүн.

Тактай кетсек, кечээ 1-июлда соцтарамактарда Сооронбай Жээнбеков аталган мыйзам долбооруна вето коюптур деген маалымат тараган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх