Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Медициналык каражаттар боюнча тендерлердин жеңүүчүсү «Биримдик» партиясына тиешеси жок экенин айтты

Индира Садыкова парламенттик шайлоого баруу да ниети жок экенин белгиледи

Жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу боюнча мамлекеттик тендерлердин жеңүүчүсү Индира Садыкованын «Биримдик» партиясынын жетекчилигине тиешеси жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий бирикменин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Саясий партиянын Башкы башкаруу органы болуп – анын саясий кеңеши эсептелет, - деп такташты алар. - Журналисттик материалда айтылган Индира Садыкованын азыркы учурда «Биримдик» партиясынын саясий кеңешине дагы, анын ишмердүүлүгүнө дагы эч кандай тиешеси жок.
Партияда сатып алуулардын жол-жобосун мындай үстүртөн иликтөө жана ачыктан ачык фактыларды бурмалоо «Биримдик» партиясына көлөкө түшүрүү аракети катары бааланарын белгилешкен.
«Бул жерде: тендерлер, беткаптар жана саясий партия баары аралашып калган.
Өзгөчө өкүнткөнү жалган маалыматтарды таркатуу аркылуу биздин партиянын аброюна шек келтирүүнү көздөгөн чабуулдарды байкап жатабыз. Бүгүнкү COVID-19 менен күрөш жүрүп жаткан азыркы кырдаалда мындайды моралдык жагынан алганда түшүнүү кыйын», - деп баса белгилешкен «Биримдикте».
Саясий бирикменин басма сөз кызматы партия ачык-айкындуулук үчүн жан үрөрүн билдирген.
«Биз ачык-айкындыкты колдойбуз жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коомчулукка пандемияга каршы туруунун бардык мезгилиндеги медициналык каражаттарды жана жабдууларды дешкен алар.

Буга чейин «ПолитКлиника» басылмасы иликтөө жарыялап, анда жеке коргонуу каражаттары мамлекеттик тендерлерде 10 эсе кымбат сатылып алынганы көрсөтүлгөн.
Иликтөөдө 2020-жылдын январь айынан май айына чейин жеке коргонуу каражаттарын, бет кап жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу боюнча 163 млн 974 миң 315 сомго тендерлерди өткөрүү пландалганы көрсөтүлгңн. 2 миң 136 тендердин ичинен 1 миң 75и ийгиликтүү өткөрүлүп, буга 116 млн 607 миң 925 сом сарпталган.
Тендерлердин 443 катышуучусунун 34 пайызы саламаттыкты сактоо тармагына тиешеси жок болуп чыккан.

«ПолитКлиниканын» маалыматына ылайык, алардын көбү медициналык каражаттардын баасын көтөрүп жиберген: мисалы, базар баасы 2 миң сомдук коргоочу костюмдарды 6 миң сомго, 30 сомдон 150 сомго чейин турган респиратордук бет каптардын бир даанасын 300 сомдон, 10 сомдук бет каптарды 25 сомдон, ал эми ИВЛ аппараттарын 2, 5 млн сомго сатылган (интернет-дүкөндөрдө алар 1 млн сомдон сатылууда.

Иликтөөнүн автору 28 лотко катышып, 11инде утуп алган «Фаворит-Сервис» ЖЧКсынын директору Индира Садыкова «Биримдик» партиясынын кош негиздөөчүсү экенин белгилеген.
Ал бул айыптоолор боюнча чындыгында эле тендерлерге катышканын, бирок, саясаттан алыс экенин жана парламенттик шайлоого баруу ниети жоктугун айтып жооп берген.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх