Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов - журналисттерге: Позитивдүү жаңылыктарды жазгыла. Бийликти мактоонун кереги жок

Премьер ЖМКды калкты коркутпаган материалдарды чыгаууга чакырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде журналисттерге кайрылып, позитивдик кабарларды жазууга чакырды.

- Абалды курчутуп, элди тынчсыздандыруунун кереги жок, - деди премьер. - Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталган маселелер жөнүндө көбүрөөк жазууга чакырам. Силерди кызматташууга чакырам. Өкмөттүн басма сөз кызматы сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө ачык. Келгиле, позитивдик кабарларды бөлүшөбүз. Ар бирибиз күнүнө жок дегенде бир позитивдик материал даярдап, элге жеткирелик. Аткаруучу бийликти, дегеле бийликти мактоонун кереги жок. Элге психологиялык жардам көрсөткөн материалдарды даярдайлык.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх