Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«БШКга күздө өтө турган шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча бир да арыз түшө элек»

Канатбек Азиз парламенттик шайлоону жылдыруу талабы менен чыгып аткан талапкерлер таптакыр башка саясий максаттарды көздөшүүдө

Шайлоо мыйзамдарында “шайлоо алдындагы кампанияны токтотуу” деген түшүнүк жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий жана юридика илимдеринин доктору, профессор Канатбек Азиз билдирди.
Ал айрым саясий партиялардын Өзгөчө абал режимин киргизип, парламенттик шайлоону токтотуп же башка мөөнөткө жылдыруу чакыруулары менен чыгып жатышканына көңүл бурду. Буга байланыштуу өздөрүнүн шайлоо кампанияларын токтото турушканын да убадалагандар чыгууда.

- Талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартып, аны токтотуу керек экенин айткан партия биринчилерден болуп катыша турганын жарыялаган. Күздөгү шайлоону азыркы кырдаалда өткөрүү абийирсиз жана президент аны токтотушу керек деп айгайлаган менен алар жарыштан чыгышкан жок, - деп баса белгиледи профессор.

Ал эми “шайлоо алдындагы кампаниясын токтоткон” партиялардын билдирүүлөрү Канатбек Азиздин айтымында курулай гана сөздөр: шайлоо мыйзамдарында эч кандай “токтотуу” туурасында түшүнүк жок.

- Анда эки учур бар: шайлоого катышуу же каттоого кандай арыз берсе, ошондой эле сыяктуу, бирок, жарыштан баш тартуу жөнүндө арыз тапшыруу жолу менен шайлоого катышуудан баш тартуу, - деп белгиледи ал. - Мындан башканын бардыгын мен популизм деп эсептейм.

Белгилүү болгондой, каттоого туруу жөнүндө 44 партия арыз берген. Бирок, БШКга 4-октябрга белгиленген шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө бир дагы арыз түшкөн эмес. Жогоруда сөз кылынган эки партия, кыязы таптакыр башка саясий максаттарды көздөшүүдө.
Эмне болгон максаттар? Шайлоо процессинин 44 потенциалдуу катышуучуларынын арасында атайын БШКнын аларды жарыштан четтетип салышын каалагандар жок эмес, деп эсептейт профессор. Анын пикиринде алардын максаты - коомдогу нааразычылык маанайды күчөтүү.

- Мындан сырткары, өлкөдө учурда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, бардык маселени саясий тарапка буруп, бирок, чынында жеке кызыкчылыктарын да көздөгөндар бар, - деп сөзүн улантты Азиз.
Канатбек Азиз “мен бул сөздөр менен эч кандай бир партияга үгүттөгөн жокмун” дейт. Ал болгону бул тармактагы бай тажрыйбасына таянып,өзүнүн эксперттик пикирин билдиргенин белгиледи.

- Кыргызстандын жарандары парламент тезирээк алмашса экен деп отурушат, - деп эсептейт Канатбек Азиз. - Бул чабал өкмөт менен парламенттин кереги жок жана шайлоону токтотуш керек деп эл өзү-өзүнө каршы туруп жатат. Шайлоону токтотуу менен биз бул чакырылышка пандемия токтогуча бийликте турууга жарым жартылай конституциялык мүмкүндүк калтырабыз, -дейт ал.

-Көпчүлүк тигил же бул абалды өз пайдасына колдонгонго аракет кылат, болгону ушул, - деп сөзүн кайталады профессор. - Андыктан, алданбагыла. Чыныгы күчтүү парламенттик бийликти, күчтүү өкмөттү жана күчтүү Кыргызстанды түзгөнгө аракеттенгиле. Ийгилик.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Евгения Строкова парламенттик шайлоону жылдыргыла деген кесиптештерин пиар жасашууда деп айыптаган.
«Шайлоо жөнүндөгү пиарларлары менен кесиптештерибиз ушунчалык тажатты, - деп жазган эл өкүлү. -Биринчиден, шайлоонун күнүн белгилебей коюу мыйзамга каршы келип калмак! Экинчиден, балким күзүндө Өзгөчө абалы киргизилет, андай боло турган болсо жаздагыдай шайлоону жылдырууга мүмкүн болот.
Дегеле, кайдагы шайлоо алдындагы кампанияны токтотуу тууралуу сөз болуп жатат, түшүнбөйм?! Эгерде, алар аны өткөрүп жаткан болсо, демек алар биринчи болуп мыйзамды бузушту! Ушундай абалда, анын үстүнө. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып! Шайлоо алдындагы кампания шаайлоого бир ай калганда башталат! Пиар деп атып баарын унутуп калган жоксуңарбы. Жүрөктү айлантпагылачы!», - деп жазган Строкова Фейсбуктагы баракчасына.

Июлдун башында Кыргызстандын Социалдык партиясы келе жаткан парламенттик шайлоого катышпай турганы жөнүндө кайрылуусун таратып, башка партияларды да буга чакырган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх