Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтынбек Сулайманов: Эл VI чакырылыштын депутаттарынан араң кутулду

Анын айтымында парламенттин жыйынында баары бир эч нерсе чечилбейт, андыктан ал ага катышпайт

ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин жыйыны боло турган болсо, ага барбай турганын билдирди. Бул тууралуу саясатчы ата мекендик ЖМКлардын бирине берген маегинде бөлүшкөн.

- Кыргыз эли азыр башынан оор күндөрдү кечирүүдө, - деген эл өкүлү. - Биз жакындарыбызды жоготтук. Адамдардын асылдары кетип жатат - Чыныбек Акунович, Чубак ажы, студент кызыбыз Айдай, мугалим Жангороз Каниметов. Биз бардыгыбыз Кыргызстан деген бир кеменин ичиндебиз. Мындай мезгилде биз бирдиктүү болушубуз керек.
Азыр дегеле шайлоону өткөрүү жөнүндө сөз кылунун өзү туура эмес. Учурдагы абал менен мыйзам буга жол бербейт. Буга байланыштуу, биз, саясатчылар өз сөздөрүбүздө этият болуубуз кажет. Азыр эл саясатчыларга ичи чыкпаган заман. VI чакырылыштын депутаттарын эч ким көрөйүн деген көзү жок, алардан араң кутулушту.

Парламент мүчөсү депутаттардын азыр жыйынга чогулганы туура эмес экенин белгиледи.

- Жыйын болот дешсе, мен ага барбайм, анткени, эч кандай чечим кабыл алынбайт баары бир, - деди Сулайманов. - 5 жылда бул маселелерди чече албагандан кийин азыркыдай оор кырдаалда кантип чечип жибермек элек. Мен буга ишенбейм. Шайлоого 80 күн калды. Бул күндөрү бир нерселерди айтуу - шайлоо алдында упай топтоо. Мындайды саясий спекуляция деп эсептейм.

Биз бул абалдан чыгуунун жолдорун издешибиз керек. Биздин ыктыярчылар, артисттер, искусство адамдары, блогерлер, жөнөкөй эл бул илдет менен күрөшүп жатат. Саясат жөнүндө сүйлөө азыр ашыкча болот. Кесиптештер, келгиле элибизге жардам берели! Саясатты чөнтөктөрүбүзгө ката туралы.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх