Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фейсбуктагы «Меместан» группасынын администратору: Бизди эмне себептен суракка чакырышканын түшүнгөн жокмун

Анын айтымында укук коргоочулар кысым көрсөтпөй, суроолорду ирээттүү беришкен

Фейсбук социалдык тармагындагы «Меместан» группасынын администратору Арген Бактыбек уулун (Gena Kaparov) тергөөчүлөр эки саатка жакын суракка алышкан. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына бөлүштү.

Бактыбек уулу келинчеги экөөнүн эмне себептен суракка чакырылганын түшүнбөйт, анткени «Меместан» группасында жарыяланган контент мыйзамга каршы келбейт.

- Кечинде бизге эки сурак кагазы келди, - деди ал. Бүгүн жактоочубуз менен суракка барып келдик. Бактыга жараша, бизге суроолорду ирээти менен бирген жакшы тергөөчү туш келиптир. Бизге кысым көрсөтүлгөн жок, бардыгы жеңил өттү.

Бул канчалык мыйзамдуу болду билбейм. Бирок, «Меместан» баракчасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин билип турам - биз өлкөдөгү абалды юмор менен чагылдырабыз. Балким, кимдир-бирөөлөргө биздин формат жакпай калгандыр. Биз, бирок, балансты сактап, группада эч кимди мазактабайбыз.

Эске салсак, бүгүн Facebook социалдык тармагындагы «Меместан» группасынын администратору Арген Бактыбек уулу менен жубайы Эркин Төлөгөн кызын ИИМге суракка чакырышканы белгилүү болгон.

Кечээ, жергиликтүү ЖМКлар StandUp-комик Назгүл Алымкулованы УКМКга суракка чакырылганын жазышкан. Алымкулова өзү бул тууралуу сурак материалдарын жарыялабоо боюнча тил кат жазып бергенин айтып, комментарий берүүдөн баш тарткан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх