Саламаттыкты сактоо министри менен орун басары жакынкы күндөрү ооруканадан чыгышат
Министрликтен Сабиржан Абдикаримов менен Нурболот Үсөнбаев Германияга дарыланууга кетишпегенин ишенимдүү билдиришти
Жакынкы күндөрү саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруканадан чыгышат. Бул тууралууу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
- Алар Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында дарыланышууда, - деп билдирди министрдин орун басары. - Абалдары канааттандырарлык.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы мекеменин башчысы менен анын орун басарынын дарылануу үчүн Германияга учуп кеткени жөнүндө айтылган сөздөр чындыкка дал келбей турганын Vesti.kg сайтына билдирген эле.
Медина Купсулдаева
Фото www