Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдил Сегизбаев кантип "саясий илитанын" душманы болуп калгандыгын, эмне үчүн президенттик шайлоого катышып жаткандыгын айтты

УКМКнын экс-башчысы "жол тикендүү, ылай болот" деп түшүнөт

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эмне үчүн президенттик шайлоого катышууну чечкенин Фейсбуктагы баракчасына айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда саясий белгисиздик жана туруксуздук туруктуу мүнөзгө ээ болууда.

«Азыркы кыйын кырдаалдын кесепетин Кыргызстандагы ар бир үй-бүлө жон териси менен сезип турат. Адамдар ишин жоготуп, баалар асмандап, үй-бүлөдөгү каражат тамак-ашка, зарыл дары-дармекке араң жетип калды. Ишкерчилик токтоп турат. Пандемияга арналып алынган насыялар күнүмдүк көр оокатка кетип жатат. Долларды ооздукташ үчүн Улуттук банк ондогон миллион долларды коротууда. Бюджеттин тартыштыгы опурталдуу деңгээлге жетти, 35,6 миллиард сом таңкыстык бар. Чек аралар жарым-жартылай жабык. Узакка созулган карантин жана жаштарды аралыктан окутуу билим берүүдөгү көйгөйлөрдү ачыкка чыгарып, үй-бүлөдөгү зомбулукту күчөттү.
Таажы вирус капсалаңынын биринчи толкунунда 1,5 миң мекендешибиз бул дүйнө менен кош айтышты, анын артында бир туугандарынын, жакындарынын канчалаган кайгы-капасы турат. Учурда капсалаңдын экинчи толкуну каптоодо. Саясий бүдөмүк абалыбыз, ага кошул-ташыл болгон туруксуздук жайылып, тереңдеп барат.
Октябрдагы ыплас шайлоолор социалдык жарылуууга алып келди. Шайлоодогу шайтан оюндарга жаны кашайган эл бийлик башындагыларды тактан кууду. Куулгандарды табалагым келбейт, бирок, кулаган бийлик өлкөнү башкарган үч жылында ушундай натыйжага өзү алып келгени айдан ачык.
Бүгүн болсо, “бийлик тынч өткөрүп берилди, абал турукташууда” дешет, жаркын келечек тууралуу убадаларын аянышпайт. Чын эле ошондойбу? Карапайым жарандарыбыздын турмушу оң жагына өзгөрөбү же бул окуялар бир ууч топтун гана кызыкчылыгына кызмат кылабы? Ак үйдүн темир кашааларын алып салгандан ал үйдүн ичиндегилер өзгөрүп кетеби? Көрүп-билип жаткандарыбыз тескерисинче болууда.
Октябрда “саясий Илитанын” бийлик бөлүшкөнүнө баарыбыз күбө болдук. Бир бөлүгү үстөмдүк кылганга жетишип, ошол замат саясий соодалашууну баштады. Ал сооданын наркы алдыдагы президент жана парламент шайлоодо, референдумда жаңы бийликти колдогону үчүн ошол “илитанын” аброюн, абалын, каржы булактарын сактап калууга айырбаштоо менен коштолот.
Жаңы тарыхыбызда ар бир ажонун тагдыры кейиштүү аяктап келатат. Чыр-чатак, аңтарыш-төңкөрүш менен кетет же куулат. Себеби кыргыз саясаты жөн гана соодалашууга байланып калды. Соңку 30 жылда анык бийликти, ресурастарды энчилеп алган “саясий илита” жедеп сенек болуп, азыр да кебелбей турат. Ага каршы чыккан ар бир адам системанын душманына айланып калууда. Муну мен өзүм жон терим менен сездим.
“Байлыктарыбыз эмес, аны кандайча пайдаланганыбыз бизди улуу улут кылат”, - деген экен Теодор Рузвельт. Кыргызстаныбыз абдан бай өлкө: иштерман элибиз, көз жоосун алган табиятыбыз, баа жеткис кендерибиз бар. Кейиштүүсү, мунун баары элибиздин кызыкчылыгында пайдаланылбай жатканында. Коррупция менен күрөштүн аксап жатканына иштеп жаткан Баш Мыйзам күнөөлүү эмес. Болгону, кенч-байлыктарыбыздын басымдуу бөлүгү көмүскө экономика түрүндө “саясий Илитанын” колуна топтолгон.
Өлкөбүз карапайым мекендештерибиздин жарандык бекем көз карашынын аркасында гана кургуйга кулап кетпей турат. Коомубуз бийлик менен “Илитага” көз каранды болбой, өз арбайын өзү чаап, жанын багып келатат.
Пандемия учурунда карапайым эл акыркы тыйын-тыпыры, дары-дармеги менен бөлүштү, жык толгон ооруканалардан орун табууга бири-бирине жардам беришти. Күнү-түнү короолордо, көчөлөрдө турушуп, шаарыбызды талап-тоноодон коргоп, бейпилдикти сактап калышты.
Биздин дарыгерлерибиздин, ыктыярчыларыбыздын, элдик кошуундарыбыздын аткарган ишине баары суктанышууда. Алардын каармандыгына таазим кылам!
Бүгүн элибиз өздөрүн “Илита” деп атап алгандар менен соодалашууну эмес, кызматтарды жана майлуу тармактарды бөлүшүүнү эмес, суперпрезиденттик бийлик үчүн конституциялык реформаны тез арада өткөрө салууну эмес, өзгөрүүнү эңсейт. Бийлик акыры эл тууралуу ойлойт, мыйзамдарды сактайт, чыныгы өзгөрүүлөргө барат деген үмүт менен жашайт.
Мен “саясий Илита” менен соодалашканга, абийирди сатканга каршымын. Мындай жол туңгуюкка алып барат. Ким бийликке ушул жол менен келсе, ал башкалардын кызыкчылыгынын барымтасында калат. Бийликти чирип бүткөн “Илитадан” жашыруун сүйлөшүү менен эмес, элдин колунан алуу керек.
“Аштын ээси деген бар,
Ким элиңди башкарат?
Эл башкарган болбосо,
Элиңдин чети чачылат”, - деп “Манаста” жазылган экен.
Мен да “элиме айтаар кебим бар, мекениме аткараар кызматым бар”, - деп президенттик шайлоого аттандым. Жараткан Кыргызстанды колдоп, жолун ачсын!», - деди ал.

Гулиза Чудубаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх