Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттикке бир нече талапкер БШКдан Садыр Жапаровду шайлоого катыштырбоону суранды

Кол койгондордун катарында Канатбек Исаев, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов жана башкалар бар

Президенттикке талапкерлер Канатбек Исаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Бектур Асанов жана Мамбетжунус Абылов БШКга экс-президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду алдыдагы шайлоого киргизбөөнү суранып кат жолдошту. Vesti.kg бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Бирок шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү документ менен таанышып бүтө элек жана жумушчу топ талапкерлердин демилгесин качан талкуулай турганы белгисиз.

Канатбек Исаевдин айтымында, президенттин милдетин аткаруучу мамлекет башчысы кызматына талапкер боло албайт.

“Конституцияга ылайык, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт. Бул жобону Конституцияга кабыл алганда, мыйзам чыгаруучулар талапкерлердин бирдей экендигин жетекчиликке алышкан. Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, партиялаштарын жооптуу кызматтарга дайындап койгон, башкача айтканда, башка талапкерлерге салыштырмалуу артыкчылыгы бар. БШКдан Жапаровду каттоодон баш тартуусун талап кылабыз », - деди ал.

Эске салсак, массалык нааразычылыктардан жана бийлик алмашуудан кийин Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана министрлер кабинетинин башчылыгына киришкен. Бирок, 14-ноябрда ал президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен. Көпчүлүк эксперттер Жапаровдун аракетине эки ача пикирлерин билдиришип, саясий жана каржылык каатчылык учурунда кызматтан кетүү туура эместигин белгилешти.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх