Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Жапаров президент катары алгачкы расмий иш сапарын Казакстанга жасаарын белгиледи

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын башчысы добуш берүүнүн жыйынтыктары мамлекеттүүлүктү андан ары чыңдоо жана Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча ал сунуш кылган программаны жалпы улуттук колдоонун далили экендигин белгиледи.

Токаев боордош Кыргызстан менен достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн багытына бекем ниеттенгендигин билдирди, бул биздин өлкөлөрдүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет.

Садыр Жапаров Казакстандын Президентине жана бүтүндөй казак элине Кыргыз Республикасынын туруктуу жана чыгармачыл өнүгүү жолундагы изденүүсүндө чексиз колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президенттер эки тараптуу күн тартибинин бардык спектрлери боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин ырасташты жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Токаев Жапаровду Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Жапаров президент катары биринчи сапарын Казакстанга жасай тургандыгын белгилеп, чакырууну кабыл алды.

Ошондой эле ал Касым-Жомарт Токаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады.

Казакстандын Президенти Садыр Жапаровго бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерди каалады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх