Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марипов: Биз ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн кореялык технологияны колдонобуз

Премьер-министр Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери  Пак Бён Сок менен жолугушту. 

«Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын ортосундагы соода тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү али ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Учурда биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү болгону 100 млн АКШ долларын түзөт, бул колдогу толук мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды камтыбайт. Биз үчүн эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн өстүрүү маанилүү», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы Корея Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстерин уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Корея Республикасы биздин өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууда чоң салымын кошту. Атап айтканда, биз ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүдө кореялык технологияны пайдаланабыз. Кеп автоматтык эсептөөчү урналар тууралуу жүрүүдө. Ошондой эле биз Корея Республикасынын Өкмөтүнүн COVID-19 каршы күрөшүү боюнча жетишкендиктерин жогору баалайбыз жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деп белгиледи Премьер-министр. 

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери  Пак Бён Сок кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Корея Республикасы Кыргыз Республикасын жаңы саясий реформалар үчүн ачык өлкө катары санайт. Биз үчүн силер ачык рынок экономикасына ээ болгон демократиялык мамлекет болгонуңар маанилүү. Мурда сиздер КМШ мамлекеттеринин арсынан Дүйнөлүк соода уюмунун жеңилдиктерин алган алгачкы мамлекет болгонсуздар. Ошондуктан биз мындан ары карай Кыргыз Республикасындагы демократиялык өнүгүү процессин колдоого умтулабыз», - деди Пак Бён Сок.

Улукбек Марипов белгилегендей, кыргыз тарап келечекте эки өлкө ортосундагы саясий пикир алышуунун улантылышына чоң маани берет жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх