Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Центерра Голд" Арбитраждык сотко кыргыз бийликтерине каршы кошумча доо арыздарды тапшырды

Билдирүүдө "Кыргызалтын" Кумтөр кенин көзөмөлгө алуу үчүн кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн деп айтылган

"Centerra Gold Inc." Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө каршы арбитраждык сотто кошумча доо арыздар берилгендигин жарыялады. Centerra Gold Inc. ошондой эле Кумтөр кенин мыйзамсыз экспроприациялагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик алтынды кайра иштетүүчү монополист жана Центерра Голддун ири акционери болгон "Кыргызалтын" ААКга доомат койгон.

Түзөтүлгөн Арбитраждык билдирүүдө "Кыргызалтын" Кыргызстандын өкмөтү менен тымызын иш алып барып, убактылуу "тышкы башкарууну" орнотуу шылтоосу астында кенди көзөмөлгө алганы жана өкмөттүн Кумтөр кен ишканасына жана анын жетекчилигине карата көрсөтмөсүн аткаргандыгын билдирген. 

Центерра Голд кыргыз өкмөтүн жана "Кыргызалтынды" узак мөөнөттүү инвестициялык келишимдерди бузуу менен жана "Центерра Голдго" компенсация төлөбөстөн алтын кенин тартып алуу боюнча координацияланган өнөктүктүн натыйжасында келтирилген бардык жоготуулар жана келтирилген чыгымдар үчүн жоопко тартууну көздөйт. Компания ошондой эле кенди улутташтыруу же аны туура эмес тескөө боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен "Кыргызалтындын" мындан аркы аракеттерине жол бербөөгө аракет кылат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх