Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Мамашова: Садыр Жапаров чындыгында фейктер жөнүндө мыйзамды колдоп берүүнү суранган

Элдин өкүлү чуулгандуу демилгеге добуш берүү учурунда ал жок болгонун, башка депутаттар анын ордуна добуш берип коюшканын кошумчалады

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова Vesti.kg менен болгон маегинде президент Садыр Жапаров чындыгында эле жалган маалыматтардан коргонуу жөнүндө мыйзам долбоору үчүн эл депутаттарынан кайрадан добуш берүүнү суранганын ырастады.

Мыйзамды колдүү өтүнүчү сунуш катары айтылып, кысым болбогонун белгиледи депутат.

"Мен президент менен жолугушууга катышкам" деп түшүндүрдү парламентарий. - Ооба, Жапаров бизден чын эле фейктер жөнүндө мыйзамды колдоп берүүнү өтүндү. Өтүнүч кысым көрсөтпөстөн, сунуштоо мүнөзүндө болгон. Мындан тышкары, ал бир күн мурун кесиптештери Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын демилгесин колдобогонун кошумчалады. Белгилүү болгондой, ал кайталап добуш берүү учурунда парламентте болгон эмес жана бул документ күн тартибине кирген эмес.

"Кечээ, үй-бүлөлүк себептерден улам, мен жыйналыштан кетүүгө аргасыз болдум", - деп түшүндүрдү Мамашова. - Мен добуш берүүгө катышкан жокмун. Тилекке каршы, кесиптештерим мага добуш берип коюшуптур. Мен кеткен учурда бул маселе күн тартибине дагы кирген эмес болчу. Мен кечээки добуштарды санабай, мени келген эмес деп белгилеп коюуну сурандым.

Эске салсак, бир күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген чуулгандуу жалган маалыматтардан коргонуу боюнча мыйзам долбооруна экинчи добуш берүүнү уюштурушкан. Айрым парламентарийлер кабыл алынган документке көз караштарын өзгөртүшүп - акыркы добуш берүүгө чейин каршы добуш берип келишкен болсо, кечээ айрымдар демилгени колдоону чечишкен. Социалдык тармактарда депутаттардын мындай кадамын президенттин ага чейин эл өкүлдөрүн жолугушууга чакырып, фейктер боюнча мыйзамды колдоп берүүсүн суранганы менен түшүндүрүшүүдө .

Vesti.kg сайтынын редакциясы добушун алмаштырган айрым депутаттар менен маектешүүнү чечти. Тариэл Жоробеков бул мыйзам долбоору боюнча чечимин өзгөртүүгө эмне түрттү деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. Ошондой эле, редакция дагы бир эл өкүлү Марлен Маматалиевге кайрылып, ал маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындамын деп, түшүндүрмө бере алган жок.

Ал ортодо коомчулук мыйзам долбоорунун кабыл алынышы боюнча наразычылыгын билдирип, бул цензураны күчөтөт жана документ сөз эркиндигине чоң таасирин тийгизет деп билдирүүдө.

Мисалга, Кыргызстандын Телекоммуникация Операторлор Ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев депутаттардын демилгесин колдобой тургандыгын билдирди.

Социалдык тармактардын колдонуучуларына бөгөт коюу пайдасыз дейт ал.

Мындан тышкары, ал мыйзам долбоору байланыш операторлорун фейктерди көзөмөлдөө үчүн татаал жабдууларды орнотууган милдеттендирээри, буга аларда каражат жок экенин кошумчалады.

"Байланыш операторлору аппараттык жана программалык камсыздоону орнотушу керектиги аябай тынчсыздандырат", - деди Күрөңкеев. - Мындай чыгымдар биздин бюджетке кирбейт жана бул биздин негизги функционалыбыз дагы эмес. Документ ишкерлердин укуктарын бузгандыгына карабастан, жөнгө салуучу таасирди талдоо болгон жок. Дагы бир нерсе: техникалык жактан алганда, операторлор социалдык тармактардагы билдирүүнү жаба алышпайт. Бизде Интернетке кирүүнү гана камсыз кылуу милдети турат, ал эми мазмуну өзү басылманын авторуна таандык. Иш жүзүндө биз бир серверди жаап салабыз. Алардын саны миллиондогон, техникалык жактан мунун баары пайдасыз жана маанисиз.

Ошондой эле, ал эмне үчүн прогрессивдүү долбоорлор менен иштөөнүн ордуна, республиканы артка жылдыруучу мыйзам долбоорун талкуулашы керек деп баш чайкады. - Биз бул мыйзамды кабыл алсак, анда шылдынга кабыл алабыз, азыр бардыгы VPNди колдонууну үйрөнүп алышкан, - деп кошумчалады Күреңкеев.

- Электрондук коммерцияны талкуулоонун жана Амазонка, Wildberries сыяктуу эл аралык базарларга чыгуунун ордуна, биз өткөн кылымды талкуулап жатабыз.

Эльдос Казыбеков
Фото Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх