Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда русофобдордун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды

"Бирдиктүү Россия" партиясы Ички иштер министрлиги алардын демилгесин толук колдой турганын билдирди

"Бирдиктүү Россия" партиясы русофобдорго Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын маалымат саясаты, маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы, Бирдиктүү Россиянын башкы кеңешинин катчысынын орун басары Александр Хинштейн журналисттерге билдирди, деп жазып чыктыТАСС.

Мыйзам долбооруна ылайык, орус тилдүү калкка карата жек көрүүчүлүк жана кастык көрсөткөн же Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин мазактаган чет өлкө жарандарына өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Кирүүгө тыюу салууга негиз катары Россиянын аскердик даңкынын символикаларын басмырлоо, аскердик мүрзөлөргө, эстеликтерге, стелаларга, обелисктерге жана Ата Мекенди коргоодо курман болгондордун элесине арналган башка мемориалдарга зыян келтирүү болот. СССРдин согуш жылдарындагы ишмердүүлүгү жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу, ветерандар, үгүт, демонстрация, нацисттик же экстремисттик символдорду өндүрүү, ошондой эле Нюрнберг трибуналдын өкүмү менен аныкталган фактыларды четке кагуу, нацисттик кылмыштарды бекитүү- дейт Хинштейн өз билдирүүсүндө.

Ал Орусиянын Ички иштер министрлиги "Бирдиктүү Россия" депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорунун концепциясын толугу менен колдойт деп ырастайт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх