Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Маалыматтарды бурмалабай так жеткиресиздер деп ишенем

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ЖМКларга маалымат жыйынын берүүдө

Бүгүн, 23-сентябрда Ала-Арча Мамлекеттик резиденциянда Кыргыз республикасынын президенти Садыр Жапаровдун кызматында турган бир жылдык жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны башталды. Брифингге 150дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ЖМК өкүлдөрү чакырылганы белгиленди. Мындан сырткары, жыйында Министрлер кабинетинин өкүлдөрү да катышууда. "Урматтуу журналисттер, жыйындагы маалыматтарды бурмалабай так жеткиресиздер деп ишенем", - деп иш-чараны баштады Садыр Жапаров. Ошондой эле, өлкө башчы тумоолоп калганын айтып, журналисттерден кечирим сурап өттү.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх