Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент: 275 метр эмес 5 метр жерди бергенге укугубуз жок

Садыр Жапаров маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча суроого жооп берди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалыматтык жыйынынын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасы боюнча журналисттин суроосуна жооп берди. "36 жараныбыз кайтыш болду, чек арадагы көйгөй дагы деле чечиле элек. Кагылыштар жыл сайын кайталанууда, эмки жылы мындай көрүнүш кайталанбайт деген кепилдик бере аласызбы?" деп суроо узатты журналист. Садыр Жапаров чек ара боюнча маселени керек болсо бүгүн отуруп, кол коюп берүүгө даяр экенин, бирок бул жалгыз биз тараптан көз каранды эмес экенин айтып жооп берди. "Кыргыз-тажик чек арасы боюнча төрт талаштуу маселе болуп жатат. Алардын биринчиси Ворухка кеткен жол, Баткен, Лейлектеги талаш жерлер жана төрт көчө", деди Жапаров. Өлкө башчы коңшулар 2003-жылы

Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол коюп берип салган документти бетке салып жатышканын белгиледи. Ага ылайык Мадумаров 275 метр жерди Тажикстанга тиешелүү кылып, кайра 49 жылга ижарага сураганын, мындай документке анын кол коюуга укугу болбогонун айтты. "Сиздер азыр чечкиле десеңер, азыр чечип коюуга даярбыз, бирок, биз 275 метр эмес, 5 метр жерди берүүгө акыбыз жок", - деди президент.

Ошол эле маалда, жыйындын башындагы сөзүндө Жапаров Өзбекстан менен чек аранын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик аягына чыгып калганын да кошумчалады.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх