УКМК кызматкерлери үчүн дагы бир үй курулду (фото)
УКМК кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда
Инфраструктураны жакшыртуу жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматкерлерди тейлөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда.
Ошентип, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында бүгүн, 3-ноябрда пайдаланууга берилген 4 батирлүү административдик үйдүн курулушу аяктады.
Бул батирлерди пайдаланууга берүү аземине УКМКнын төрагасы, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, учурдагы кызматкерлер жана ардагерлер катышты.
Тейлөөчү үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүзгөн.
УКМКнын басма сөз борбору