Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук статистикалык комитет: Аялдар эркектерге караганда үй жумуштарына жана балдарды тарбиялоого 4 эсе көп убакыт коротушат

Аялдардын бош убактысы эркектердикинен бир саатка аз

Аялдар үй иштерине жана балдарды тарбиялоого эркектерге караганда төрт эсе көп убакыт коротушат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Улуттук статистикалык комитет 12 жаштан жогорку курактагы бардык мүчөлөрдүн үч суткалык убакыт фондунун пайдаланылышы боюнча сурамжылоо аркылуу алынган 1649 үй чарбаларынын тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарганы көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, суткалык убакыт фондунун 48 пайыздан ашыгы 12 жаштан жогорку калктын физиологиялык муктаждыктарын камтыган: уктоо, өздүк кам көрүү, тамактануу, ванна, чач тарач, клиника ж.б.у.с.

16 проценттен ашыгы бош убактыларына, 14 проценттен ашыгы жумушка байланыштуу. Орто эсеп менен суткалык убакыт фондусунун 12 процентке жакыны чарбалык иштерге жумшалат.

Эркектер менен аялдардын күнүмдүк убакыт фондун бөлүштүрүүдө айырмачылыктар байкалганы белгиленген. 12 жана андан улуу жаштагы эркектер күнүмдүк жумуш убактысынын 19 пайызын жана жумушка байланыштуу убактысын, аялдарга караганда 2 сааттан көбүрөөк өткөрүшөт.

Ошол эле учурда аялдар күнүмдүк убактысынын 21 пайызга жакынын үй иштерине жана балдарын тарбиялоого жумшашат, бул эркектерге караганда дээрлик 4 саатка көп. Аялдардын бош убактысы эркектердикинен бир саатка аз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх