Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Биздин келин саясатчынын үй-бүлөсүнөн эмес, карапайым адамдардан

Райымбек Матраимовдун бир тууганы майрамга туугандары жана жакындары гана катышканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Vesti.kg сайтына анын бир тууганы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун уулу саясатчылардын үй-бүлөсүнөн эмес, карапайым үй-бүлөдөн чыккан кызга үйлөнгөнүн билдирди.

Искендер Матраимов той жакшы өткөнүн, майрамга тууган-туушкандары, жакындары чакырылганын белгиледи.

«Келин саясатчылардын же чиновниктердин үй-бүлөсүнөн эмес, карапайым үй-бүлөдөн», - дейт Матраимовдун бир тууган агасы. - Агам уулун кимге үйлөнткөнүн айта албайм. Бизге каалагандай тийтийишсеңер болот, бирок саясатта үй-бүлөбүзгө, балдарыбызга кийлигишүүнүн кереги жок. Той жакшы өттү, башка эч нерсе айта албайм. Майрамга бир гана туугандарыбыз, жакын үй-бүлөлөрүбүз катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Райымбек Матраимов уулуна үйлөнүп, үлпөт тою  жашыруун өткөнү тууралуу маалымат тараган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх