Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада “Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери коомдук тартипти бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты

Акциянын уюштуруучусу Эмил Бекиев орус полициясы тарабынан 15 суткага камакка алынган

18-ноябрда Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан Москва шаарында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери уруксатсыз акцияларды уюштуруп, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кармалды.

Орусиянын ички иштер органдарынын маалыматына караганда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын бир нече ондогон жактоочулары
Кыргызстан партия атрибуттары менен саясий ураандар менен жөө жүрүш уюштуруп, муну менен
коомдук тартипти бузуп жана автотранспорттун жолдо журушунө тоскоол богон.

Бул окуяга байланыштуу Россиянын борбор калаасынын тынчсызданган жашоочуларынан чара көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин Москва башкармалыгына бир катар арыздар түшкөн.

Бул факты боюнча акциянын уюштуруучусу Э.Бекиевге карата Россия Федерациясынын ИИМнин Свиблово району боюнча башкармалыгына Россия Федерациясынын Административдик кодексинин 20.2-беренеси (Жыйналышты, чогулушту, демонстрацияны, жүрүштөрдү же пикеттерди уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу)3-бөлүм боюнча административдик материал түзүлгөн.

Калган катышуучуларга карата Россия Федерациясынын Административдик кодексинин 20.2-беренесинин 4.6.1-бөлүгүнө ылайык административдик материалдар түзүлдү.


Райондук соттун чечими менен Кыргызстандын 7 жараны 10 суткага камакка алуу түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Ушул эле сот тарабынан акциянын дагы 7 катышуучусуна 20 миң рубль өлчөмүндө административдик айып салынды.

Бул мыйзамсыз аракеттердин уюштуруучусу Э.Бекиев коомдук тартипти жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 суткага камакка алынды.

Кармалгандардын тизмеси:
1. Бекиев Эмил Маликович, 27.04.1984 ж.т. Россия Федерациясынын жараны;
2. Ажиев Сыргабай Эргешович, 15.06.1958-ж.т.Россия Федерациясынын жараны;
3. Примбердиев Замирбек Исламбекович, 02.01.1984-ж.т. КР жараны
RF;
4. Мамытова Сайкал Дурусбековна, 17.12.1983-ж. Кыргыз Республикасынын жараны;
5. Бердишев Уланбек, 19.03.1989-ж. КР жараны;
6. Умаров Жеңишбек Мамтович, 07.05.1976 ж.т. КР жараны;
7. Абдимиталил уулу Исхак, 22-июнь, 1993-ж. КР жараны;
8. Жусупова Сапия Абдымомуновна, 10.12.1988-ж. КР жараны;
9. Сулайманов Акжол Таалайбекович, 15.09.1986-ж.т. КР жараны
КР;
10. Калмаматов Айбек Асанбаевич, 7.11.1983-ж.т. КР жараны;
11. Бодоев Кутманбек, 27.01.1978-ж.т. КР жараны;
12. Мурзакулова Октом, 18.09.1979,  КР жараны;
13. Алибеков Эдилбек Сулайманович, 20.05.1992-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
14. Усонов Алтынбек, 28.01.1975-ж., ур. Россия Федерациясынын жараны;

ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх