Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен барды

 Сапар тууралуу макулдашуу Михаил Мишустин менен Еревандагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы.

Белгилесек, сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх