Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борборунда камуфляж кийген жигит ок чыгарган (видео)

Жаран табылып, милицияга жеткирилген

Бишкекте Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде камуфляж кийген жигит ок чыгарган. Тиешелүү видео социалдык тармактарга тарады.

Видеонун автору жаранды ок чыгарууга чакырган.

«Ат! Абага!» - деген үн угулат.


Акипресс агенттигинин маалыматына караганда, жигит ыкчам кызмтта иштейт.

Ал арада Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Vesti.kg сайтына окуя 12-ноябрда болгонун билдирди.

Ок белгисиз үлгүдөгү тапанчадан атылган.

Бүгүн милиция кызматкерлери видеону тарткан адамдын өздүгүн аныкташты. Ал 19 жаштагы Р.Б болуп чыкты. Жигит Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Бул факты КЖБРде катталган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 121 (Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу)беренеси боюнча кылмыш изи козголду.

Учурда тергөө иштери уланууда.



Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх