Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жер-Ынтымагы" жаңы конушунун биринчи тургуну кыймылсыз мүлктү каттоо күбөлүгүн алуу үчүн документтерин түздү (видео)

Буга чейин Садыр Жапаров чогулган тургундардын көйгөйүн чечип берүүнү убада кылган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №294 токтомуна ылайык, бүгүнтөн баштап “Жер Ынтымагы” конушунда өз алдынча турак-жай курулган жер участоктору үчүн мобилдик топтор изилдөө иштерин жүргүзүп, техникалык паспортторду даярдоо иштерин баштады.

Шаардык кызматтардын комплекстүү жана эффективдүү иши алгачкы натыйжасын берүүдө. Бүгүнкү күндө каттоо күбөлүгүн алуу үчүн арыз жазган биринчи шаар тургуну бар. Жеринде КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жана Ленин акимиатынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Бул багыттагы иштер уланууда.
Белгилей кетсек, мобилдик топтордун шаардын башка калктуу конуштарына баруу графиги Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына алдын ала жарыяланат.

Эске сала кетсек, буга чейин, 18-ноябрда КРнын Президенти Садыр Жапаров Президенттик Аппараттын имаратынын алдына чогулган “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына менен кезиккен.

Шаардыктар турак-жай аянты санитардык коргоо зонасынын аймагында жайгашкандыгына байланыштуу 15 жылдан бери жер тилкелерине жеке менчик укугуна мамлекеттик актыларды («Кызыл китептер») ала албай жүргөндүгүн айтышкан. Ушуга байланыштуу алар мамлекеттик кызматтарды алууда  каттоонун жоктугунан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен.

Алардын кайрылуусун уккан Президент Садыр Жапаров тиешелүү адистер жер-жерлерге барып, маселени иликтеп, кырдаал боюнча маалымат берерин убада кылган жана андан кийин тиешелүү чечим кабыл алынаарын билдирген.

ТҮШҮНДҮРМӨ: техникалык паспорт укуктун документи эмес - бул үйдүн техникалык мүнөздөмөлөрү гана көрсөтүлгөн документ. Техникалык паспортко объекттин экспликациясы жана планы тиркелет.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх