Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ орун басары Урмамбетов өздүк курамдын Ош шаарында кызмат өтөөгө даярдыгын текшерди

20-декабрда түштүк борбордун борбордук аянтында милиция бөлүмдөрүнүн гарнизондук катарга тизилүүсү болуп өттү

Жаңы жылдык майрамдардын алдында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында гарнизондук тизилүүсү жана бөлүмдөрдүн  кароосу өткөрүлүүдө.

Маалым болгондой, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов катышты.

Ош шаарынын жана ушул эле аталыштагы облустун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, патрулдук милициянын кызматкерлери, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун бөлүмдөрүнүн,ЖКККББ Күзөт кызматынын, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери катарга тизилди.
Өздүк курам укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча министрликтин буйругун окушту.

Эл көп чогулган жерлер жана соода борборлору, маанилүү объектилер күчөтүлгөн коргоого алынып,мындан тышкары жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Жетекчиликтин күнү-түнү иштөө режими киргизилип, ыкчам-тергөө топторунун иши күчөтүлөт.

Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы
Ош ОИИБнин басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх