Клара Сооронкулова: ЖКнын жаңы чакырылышынын мыйзамдуулугу маселеси сөзсүз түрдө күн тартибинде турат
Vesti.kg сайтынын редакциясынын сурамжылоосу көрсөткөндөй, окурмандардын 72,8 пайызы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес
Өткөн парламенттик шайлоолор калк арасында бийликке болгон ишенимсиздикти ого бетер күчөттү. Мындай пикирин президенттикке мурдагы талапкер Клара Сооронкулова Vesti.kg сайты менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, Vesti.kg сайтынын редакциясы сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында сайттын окурмандарынын 72,8 пайызы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирген.
Сооронкулова сурамжылоонун жыйынтыгына токтолуп, өлкөдө Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын легитимдүүлүгү боюнча маселе курч турганын баса белгиледи.
«Менин оюмча, шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондор ага катышпагандар», - деди ал. - Шайлоого калктын 30 пайызы гана барат. Алардын 25 пайызы акча үчүн добуш берген туруктуу электорат. Добуш бербегендердин 70 пайызы бийликке жана шайлоого болгон ишенимсиздиктин ачык көрсөткүчү. Ал эми маалыматтарды ачыктан-ачык бурмалоо жарандар арасында дагы чоң ишенбөөчүлүктү жаратты. Мен ойлойм, келечекте шайлоого катышпай калгандардын пайызы көбөйөт же ишенбөөчүлүктөн улам добушун сатып жибергендердин пайызы көбөйөт. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын легитимдүүлүгү тууралуу маселе сөзсүз түрдө күн тартибинде турат.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www