Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин куттуктады

«Улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу менен гана экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө болот»

20-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерин Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин атайын кызматтар инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун, эгемендүүлүктү жана конституциялык түзүлүштү, аймактык бүтүндүктү ички жана тышкы коркунучтардан коргоону камсыз кылуу менен өзүнө жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарып келет. Сиздер өз кесибиңиздердин жооптуу өкүлдөрү катары ар дайым кыраакы болуп, мекенибизге кооптуу көрүнүштөрдү жана чакырыктарды болтурбоо үчүн ар дайым даяр экениңиздерге ишенем», - деди Кыргыз Республикасынын башчысы.

Ал ошондой эле коюлган милдеттерди аткаруу үчүн чалгынчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

«Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн чалгынчылар өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу, атайын билимдерин жана көндүмдөрүн толуктоо үчүн талыкпай иштеши керек. Анткени, сиздердин оор, бирок ардактуу кызматыңызды канчалык деңгээлде мыкты, билгичтик менен аткарып жатканыңыздан жарандардын гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин тынчтыгы, бейпил жашоосу көз каранды. Ошондуктан дыкат тандоодон кийин өзгөчө жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана калыс, өз ишинин чыныгы чеберлери улуттук коопсуздук кызматкерлеринин катарына алынат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх