Азиз Суракматовдун иши сотко өттү
Биринчи соттук отурум 27-декабрда болот
Бишкектин мурдагы мэрине козголгон кылмыш иши сотко өттү. Vesti.kg бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Биринчи соттук отурум 27-декабрга белгиленген.
Эске сала кетсек, мурдагы мэр мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Азиз Суракматов кызмат абалынан пайдаланып, жер тилкелери менен мыйзамсыз бүтүмдөрдү жасаган.
Июль айынын орто ченинде экс-мэр 150 миллион сом зыян төлөп бергени, андан кийин ал эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулганы белгилүү болгон.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз