Кыргызстанда 21-декабрга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 51 учуру катталды
Ооруу жуктурган эки жаран каза болду
21-декабрга карата республика боюнча бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 51 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Анын ичинен Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 16, Ошто – 3, Таласта – 0, Нарында – 0, Ысык-Көлдө – 5, Жалал-Абадда – 9, Баткенде – 3 адам.
Бир суткада эки адам коронавирустан каза болду.
Фото Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз