Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чарага катышат
Иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында өтөт
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат.
Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт жана КТРК республикалык жана облустук телеканалдар, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз