Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча суракка чакырылды

Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин кайра козгоду

Өткөн аптада 2010-жылдагы конституциялык реформа боюнча Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов 2010-жылдын май-июнь айларындагы түштүк окуясы боюнча суракка чакырылган. Ишембиде ушул эле иш боюнча УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев суракка чакырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Убактылуу өкмөт 14 адамдан туруп, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон. 2021-жылдын декабрь айында УКМКнын өндүрүшүндөгү кылмыш иши Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх