Кыргызстанда кылмышты чет элдиктер көбүрөөк жасашат
КРнын аймагында чет өлкөлүк жарандар тарабынан 240тан ашык кылмыш жасалган. Алардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн келгендер, бирок европалыктар да бар
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалистикалык кызматынын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 11 айында окуя болгон жерлерге 22406 текшерүүгө, 6550 ыкчам-издөө иш-чараларына, 3792 тергөө аракеттерине адис катары катышкан.
Криминалисттер тарабынан 4622 соттук экспертиза жүргүзүлүп, анын ичинен: манжа изин алуу-2229, трасологиялык-96, баллистикалык-850, колжазма-273, курал жарактар-338, 165 документке техникалык экспертизалары өткөрүлгөн, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө-577, жарылуучу заттар боюнча-577, ошондой эле 912 криминалисттик изилдөө жасалган.
ИИМдин Криминалисттик кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ыкчам кызыкчылык туудурган адамдардын 16 830 манжа изи идентификациялоонун автоматташтырылган тутумуна (АДИС) «Сонда» киргизилди.
Ошондой эле ачыла элек кылмыштардын кол издеринин маалымат банкы 5048 объект менен толукталды, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерде изин калтырган 337 кылмышкерди аныктоого мүмкүндүк берди. Көрсөтүлгөн мөөнөттө «Сонда» тутумунун жардамы менен 212 факты боюнча белгисиз өлүктөрдүн өздүгү аныкталган.
ТАИС (АБИС) автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутумуна 24 изилдөө объектиси жана 279 салыштыруу объектиси киргизилген.
Криминалисттердин атайын билимин колдонбой туруп, кылмыштын бетин ачуу жана иликтөөнү натыйжалуу жүргүзүү мүмкүн эмес. Кызматтын адистери кылмыштуулук менен күрөшүүгө эбегейсиз салым кошууда: алар манжа изин, трасологиялык, кол жазма, баллистикалык экспертизаларды, баңгизатты камтыган заттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Илимдин жана техниканын жетишкендиктеринин өнүгүшү менен кылмыштарды ачууда жана тергөөдө эксперттердин ролунун мааниси тынымсыз жогорулап жатат, анткени дал ошолор далилдик базанын негизги бөлүгүн түзөт.
Киши өлтүрүү, уурулук, алдамчылык, жол-транспорттук кырсык, уурулук жана башка кылмыштар болгондо күндүн кайсы убагы болбосун, биринчилерден болуп эксперт-криминалисттер тергөө-ыкчам тобу менен окуя болгон жерге барышат. Алардын жакшы координацияланган ишинин аркасында жүздөгөн кылмыштардын бети ачылат.
ИИМдин Криминалисттик кызматынын кызматкерлери тынымсыз квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барышат, окуу курстарынан, тренингдерден, семинарлардан өтүшөт.
Күн сайын криминалисттер оор чечимдерди кабыл алууга туура келет. Ошол себептен бул жооптуу кызматта абийирдүү, өз ишине берилген адамдар гана иштей алышат.
ИИМдин Басма сөз кызматы