Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕККУнун материалдык-техникалык жардамы Кыргыз республикалык майыптар коомуна берилди

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн окуу кабинеттери оргтехника менен жабдылат

Мындан бир күн мурун, 2021-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинен Кыргыз Республикалык Майыптар Коомуна (КРОИ) материалдык-техникалык жардамды кабыл алуу жана тапшыруу аземи болуп өттү.
 
Программалык кеңсе ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн класстарды жабдуу үчүн кеңсе жабдууларын берди.
 
Куттуктоо сөзүндө министрдин орун басары Мадмаров КР Тышкы иштер министрлиги менен ЕККУнун ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты белгилеп, Программалык кеңсеге  Республикалык инвалиддер коому жаны жылдын алдында символикалык мааниге ээ болгон кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, ал акция КЖКнын тарбиялануучуларын кесиптик жактан өнүктүрүүгө жана калыптандырууга олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.


 
Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Казымова ЕККУ өзүнүн долбоордук жана программалык иш-чараларын ишке ашырууда инклюзивдик мамилелерди жактап, кыргыз тарап менен бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн кызматташууну уланта турганын баса белгиледи.
 
Жыйынтыгында тараптар өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу жана социалдык маанилүү иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу үчүн мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

КРнын ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх