Кызыл-Кыяда 18 жаштагы кыз жоголду (фото)
Лауранын туугандары жана милиция коомчулуктан аны табууга жардам берүүнү суранат
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 18 жаштагы Лаура Абдукаримова дайынсыз жоголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, кыз 2021-жылдын 30-ноябрында саат 23.30да Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан кафелердин биринде чай ичип отурган. Анан “мен тез келем” деп дайынсыз жоголду.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арыкчырай. Кыздын үстүндө кара кыска куртка, кара спорттук шым жана кышкы өтүк болгон.
Лауранын туугандары жана милиция табууга коомчулуктан жардам сурашууда.
Маалыматы барлар 102, (03748) 5-02-09, (0558) 16-16-91, (0777) 80-65-68 номурларына кайрылууну суранабыз.
Сүрөт www