Кара-Балта шаарында шаардыктардын өтүнүчү менен милиция сауналарды текшере баштады. Бирок кызматкерлерге эшикти эч ким ачкан жок
Чүй облустук ИИБсы сойкулук жана бузукулук менен кантип күрөшүп жатканын айтып берди
19-декабрда Жайыл райондук ИИБга Кара-Балта шаарындагы сауналардын биринин жанына 25-30 чакты жаштар чогулуп, сексуалдык кызмат көрсөткөн бир нече сауналарды жабууну талап кылышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда отургандардын баары жергиликтүү тургундар экени маалым болду. Алардын маалыматында, бир нече сауналарда жаш кыздардын интимдик кызмат көрсөтүү фактылары катталып, жарандар бул жагдайга тынчсызданууда.
Жанына жергиликтүү тургундар чогулган саунада эч киммилиция кызматкерлерине эшикти ачкан эмес. Милиция кызматкерлери аталган бардык сауна жана мейманканаларга эскертүүлөрдү беришти.
Ошондой эле, бул факты боюнча Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына жамааттык билдирүү келип түшкөнүн, учурда соттук териштирүү жүрүп жатканын маалымдайбыз.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) ылайык өндүрүш жасаган.
Социалдык тармактарда жарыяланган сауналар тууралуу видеолор да катталып, негизги ишке киргизилет. Учурда тергөө иштери уланууда. Бул факты Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www