Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев: Камчыбек Ташиевдин абалы канааттандырарлык

УКМКнын башчысына пневмония диагнозу коюлган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония менен Республикалык клиникалык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Бейшеналиев  инфекциялык ооруканага барып, Ташиевдин абалынан кабар алган. Министр УКМКнын төрагасынын  абалын «канааттандырарлык» деп баалады.

-Мен Камчыбек Ташиев дарыланып жаткан жугуштуу оорулар ооруканасына барып келдим, - деп билдирди министр. - Ага пневмония диагнозу коюлду. Кечээ ПЧР тести терс чыккан. Бүгүн абалы оңолуп калды – УКМКнын башчысы өзү басып, тамактанып, баарына салам айтып жатат. Ал бир канча убакыт ооруканада болот.

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх