Казакстанда абал тынч эмес. Митингчилер Алматынын акимчилигин басып алышты (видео)
Имараттын эшик-терезелери талкаланган
Алматыда 3миңге жакын митингчилер акимчиликке жакындады. Nur.kz агенттиги жаалданган элдин айрымдары акимчиликтин имаратына кирип кетишкенин билдирди.
Коопсуздук күчтөрү ызы-чуу гранаталарын жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жатышканы айтылууда. Ал эми чогулгандардын айрымдарынын колдорунда гранаталар бар экени белгиленүүдө.
Элдик толкундоого чыккандардын дагы бир бөлүгү президенттин эски резиденциясынын имаратына кирүүгө аракет кылып жатканы маалымдалууда.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз