Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
«Биз боордош коңшу өлкөдө болуп жаткан окуяларга кылдат көз салуудабыз"
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. Жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган билдирүү министрликтин расмий сайтына жарыяланды.
«Биз боордош коңшу өлкөдө болуп жаткан окуяларга кылдат көз салуудабыз.
Биз бардык көйгөйлөрдү көчөдөгү башаламандыктар жана мыйзам бузуулар менен эмес, конституциялык-укуктук талаанын жана диалогдун алкагында тынчтык жолу менен чечүүнү жактайбыз. Казакстан Республикасынын Президенти К.-Ж.К.Токаевдин кадамдары да учурдагы кырдаалды турукташтырууга, орун алган көйгөйлөрдү, анын ичинде митингчилердин мыйзамдуу талаптарында камтылган көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө багытталган.
Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык, ошондой эле боордоштук байланышы бар өлкөдөгү кырдаалдын мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салынышына үмүттөнөбүз.
Биз Россиянын Казакстандагы чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү менен байланыштабыз. Дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүндө абал тынч. Учурдагы маалымат боюнча, Казакстан Республикасындагы Россия Федерациясынын жарандарынын арасында жабыркагандар жок.
Биз окуялардын өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүүнү улантабыз», - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
фото www