Казакстандын бардык аймагында Өзгөчө абал киргизилди
Өлкөнүн ИИМи башаламандык учурунда полиция кызматкерлери менен улуттук гвардиянын аскерлеринен 8 киши набыт болгонун билдирди
Казакстандын бардык аймактарында Өзгөчө абал жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Казахстан агенттиги жазып чыкты. Буга чейин башаламандыктардан улам Маңгыстау облусу, Алматы жана Нур-Султан шаарларына 19-январга чейин өзгөчө абал режими киргизилген.
Өзгөчө кырдаал абалы митингдерге жана башка массалык чогулуштарга тыюу салууну билдирет, ошондой эле саат 23.00дөн 07.00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Мындан сырткары, калктуу конуштарга кирүүгө жана чыгууга чектөөлөр коюлат.
Ал ортодо Казакстандын Ички иштер башкармалыгы массалык башаламандык учурунда 8 адам набыт болгонун, алар полиция кызматкерлери менен улуттук аскерлери экенин маалымдады. Жабыркандардын саны - 317.
фото www