Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токаев Алматыдагы башаламандыктардын уюштуруучуларын "террористтик бандалар" деп атады

Казакстандын мамлекеттик телеканалдары аркылуу Казакстандын президентинин учурда өткөрүп жаткан кеңешмеси чагылдырылууда

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учурда кеңешме өткөрүүдө. Кеңешмени өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары чагылдырып жатат. Бул тууралуу Спутник Казакстан агенттиги жазды. Кеңешменин жүрүшүндө өлкө башчысы "Алматыдагы башаламандыктардын уюштуруучулары - террористтик бандалар" деп билдиргени айтылууда.

Эскерте кетсек, учурда Казакстандын бардык аймактарында Өзгөчө абал жарыяланды. 

Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай шаарчасы болгон Жаңы-Өзөндө газдын кескин түрдө 120 теңгеге кымбаттап кетишинен улам 2-январь күнү нааразычылык акциялары башталган. Тургундар газды 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү бийликтен суранышат.
Өлкө бийлиги Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. Бирок, буга карабай 4-январь күнү элдик толкундоолор Казакстандын башка аймактарында да тутанып, 4нөн 5не караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен митингдерге чыккан элдин ортосунда кагылышуулар орун алган.
5-январь күнү эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирет. Бул маалымат массалык нааразычылыктарды токтоткон эмес.
Мангыстау облусу менен Алматы жана Нур-Султан шаарларында өзгөчө абал киргизилген. Өлкө президенти эки ирет элге кайрылуу менен чыгып, мындан ары Коопсуздук кеңешин Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын жана ал эч жакка кетпей, Нур-Султанда эл менен кошо болорун айткан.
Ал ортодо митингчилер Алматы шаарынын акимчилигин, президенттин резиденциясы баш болгон бир катар мамлекеттик имараттарды басып алышат. 
Өлкө ИИМи массалык башаламандык учурунда 8 адам набыт болуп, алар полиция кызматкерлери менен улуттук гвардиянын аскерлери экенин билдирди.
 
Камиля Аляева 
фото www
 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх