Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токаев Казакстандагы баш аламандыктар боюнча ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринен жардам сурады (видео)

"Уюштуруучулар - эл аралык террористтик бандалар жана алар чет өлкөлөрдө олуттуу даярдыктан өтүшкөн

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы баш аламандыктарды тышкы агрессия деп эсептеп, буга байланыштуу ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринен жардам сурап кайрылды.

«Уюштуруучулар - эл аралык террористтик бандалар, алар чет өлкөлөрдө олуттуу даярдыктан өткөн жана алардын Казакстанга кол салышын агрессивдүү акт катары кароого болот жана ушул таризде гана каралышы керек.

Ушуга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишимине таянып, бүгүн мен ЖККУнун жетекчилерине Казакстанга бул террордук коркунучту жеңүүгө көмөктөшүү үчүн кайрылып жатам. Чындыгында бул коркунуч аймактык бүтүндүккө шек келтирет”.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх