ЖКнын депутаттары тиешелүү комитеттердин жетекчилеринин орун басарларын шайлашат
ЖКнын бекитилген комитеттеринин төрагаларынын тизмеси
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тиешелүү комитеттердин төрага орун басарларын шайлашат.
Ошондой эле күн тартибинде комитеттерди түзүү маселеси бар.
Белгилей кетсек, анын алдында эл депутаттары Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин төрагаларын шайлашты.
Ошентип, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төрагалар:
- Медербек Алиев - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы;
- Жанарбек Акаев - Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы;
- Аманкан Кенжебаев - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы;
- Динара Ашимова - Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы;
- Азизбек Турсунбаев - Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасы;
- Бактыбек Сыдыков - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы;
- Данияр Төлөнов - Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы;
- Сүйүнбек Өмүрзаков – Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www