Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Испаниянын укук коргоо органдары кызы менен кыргызстандык аялды издеп жатат (фото)

Испаниянын укук коргоо органдары кызы менен кыргызстандык аялды издеп жатат (фото)

Кыргыз Республикасынын жараны кызын Барселонадан мыйзамсыз алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен

Испаниянын укук коргоо органдары 1971-жылы туулган жаран Круглова Эльмира Ревовнага (аты-жөнү Эльмира Ревовна Шакирзянова) Испаниянын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде (үй-бүлөгө каршы кылмыш/адам уурдоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн, ошондой эле дайынсыз жоголгон жашы жете элек Каролина Динара Сальгадо изделүүдө. Круглова, 2008-жылы туулган.

Экөө тең Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө.



Испаниянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жаран Круглова Эльмира Ревовна 2016-жылы кызы Каролина Динара Салгадо Круглованы Барселонадан мыйзамсыз алып кетип, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.



Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюро (УКБ) жарандарды издөөдө жүргөн аялды, ошондой эле дайынсыз жоголгон жашы жете элек кызды табууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Жашаган жери боюнча кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыздар: 66-45-48; 66-0-96.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Ички иштер министрлигинин сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх